Загрузка документа…
КЕРБЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 23-октябры № 20/1
2019-жылга Кербен шаарынын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү иш-чарасы жөнүндө
“КР Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесине ылайык, 2019-жылга Кербен шаарынын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү иш-чарасы боюнча Кербен шаарынын мэри Н.Эсеналиевдин маалыматын угуп, карап жана талкуулап чыгып, Кербен шаардык Кенешинин VII-чакырылышынын кезектеги он жетинчи сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1.2019-жылга Кербен шаарынын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча иш-чарасы бекитилсин (тиркеме тиркелет).
2.Кербен шаарынын мэри:
-Чала бүткөрүлгөн «Барпы» каналынын ремонтун тез аягына чыгарып I квартал 2019-жылы суу берүүнү уюштурсун;
-Тендердин подрядчиги тарабынан сапатсыз аткарылган Уметалиев көчөсүн бойлоп кеткен Аксы УОС – “Курулуш” багытындагы арык подрядчиктин (куруучу) эсебинен оӊдотулсун жана эксплуатацияга алып Кербен шаарына суу берсин;
-Келечекте Кербен шаарын таштандылардан он эки ай тазалап турууга жетишсин;
-Таштандылар полигонунун жер аянтын трансформациядан өткөрүп, тосмо орнотуп, ал жердин четинен топурак карьерин уюштурууну тездетсин;
- “Кербен АВПнын ишмердүүлүгүн жандандыруу боюнча кечиктирилгис чараларды көрсүн жана балансындагы мүлкүн тактап чыксын.
3. Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Токтом «www. Kerben.Aksy. kg» веб-сайтында жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы, бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Р.Момуновго жүктөлсүн.
Төрага | Н.Шадыбеков |