Загрузка документа…
КЕРБЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезектеги он жетинчи сессиясы
2019-жылдын 15-марты № 17/2
2019-жылга Кербен шаарынын бюджетинин түзүлүшү жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын бюджеттик Кодексине негиз, Кербен шаардык Кеңешинин бюджет, финансы, пландоо боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунун 2019-жылдын 11-мартындагы № 55 токтомун карап жана талкуулап чыгып, Кербен шаардык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги он жетинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. 2019- жылга Кербен шаарынын жалпы бюджети
- киреше боюнча - 48401,4 мин сом ;
- чыгаша боюнча - 48401,4 мин сом ;
анын ичинен:
- атайын каражат - 6740,0 мин сом суммасында бекитилсин.
2. 2020-2021-жылдарга Кербен шаарынын бюджетинин негизги параметрлеринин болжолу жактырылсын:
Кирешелер боюнча: 2020- жылга – 47192,9 мин сом суммасында
2021-жылга – 48443,2 миӊ сом
Чыгашасы 2020- жылга - 47192,9 мин сом суммада
2021-жылга – 48443,2 миӊ сом
2020-2021-жылга жактырылган Кербен шаарынын бюджетинин болжолдуу
параметрлери алар кабыл алынуучу ар бир конкреттүү мезгилде тактоого жатат.
3. 2019- жылга Кербен шаарынын бюджетинин киреше бөлүгү № 1, атайын каражат № 3 жана 2020- 2021- жылдарга болжолу № 4,№ 5 тиркемелерге ылайык жергиликтүү Салыктардын булактары, мамлекеттик чегерүүлөр жана башка жыйымдар боюнча түшүүлөрдүн эсебинен түзүлөрү белгиленсин.
4.2019- жылга Кербен шаарынын бюджетинин чыгашаларын каржылоого каражат № 2 тиркемелерге ылайык бекитилсин.
5. 2019- жылдын 1-январына бюджеттен калган калдык 7270,1 миӊ сом суммасында эсептелип, № 6 тиркемеге ылайык иш-чаралар каржылансын.
6. 2019-жылдын 1-январына атайын каражаттан калган 546,0 мин сом суммадагы калдык эсебинен бала бакчалардын муктаждыктарын чечүү үчүн 263,7 миӊ сом, башкаруу аппараттардын муктаждыктарын чечүү үчүн 282,3 миӊ сом жумшалсын.
7.Чыгашаларды каржылоо биринчи кезекте коргоого алынган беренелер боюнча ( эмгек акы , соц.фонд, тамак аш, медикамент) жүргүзүлсүн.
8.Өзгөчө кырдаалдарды болтурбоо жана алдын алуу иш чараларына - 200,0 миӊ сом суммасында каралсын.
9. 2019-жылдын 1-январына карата шаардын бюджети боюнча жүгүртүлүүчү накталай акча- 50,0 миӊ сом суммасында бекитилсин.
10. «КР Бюджеттик Кодексинин» 24-беренесине ылайык, жалпы Кербен шаарынын бюджетинин чыгашаларынын 1 (бир) пайызына чейинки өлчөмдө 416,6 мин сом эсебинде резервдик фонд түзүлсүн, анын ичинен 70 пайызы – 291,6 миӊ сом – мэр тарабынан , 30 пайызы – 125,0 миӊ сом шаардык Кенештин чечими менен аткарууга алынсын жана резервдик фонд Кербен шаарынын жергиликтүү өз алдынча
-2-
башкаруусунун учурдагы бюджеттик жылда кечиктирилгис каржылоону талап кылган, күтүлбөгөн чыгашаларды, ошондой эле социалдык-маданий жана экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча приоритеттүү долбоорлорун багыттуу каржылоо белгиленсин.
11. Резервдик фонддун эсебинен адистик майрам күндөрдү, жеке уюмдардын юблейлерин каржылоого тыюу салынсын.
12. Кербен шаарынын мэри жана ФЭБ башчысына, смета боюнча шаардык Кенешке бөлүнгөн каражатты башкаруу, тескөө Кенештин төрагасы тарабынан аткарылары жана ички бухгалтериялык документтер төраганын колу менен бекитилери эскертилсин.
13. Кербен шаарынын мэриясы :
-2019-жылдын жаз айларында Кербен шаарынын мэриясынын кичи футбол аянтчасын калыбына келтирүү иштери ижарачы менен макулдашып ижара акысынын эсебинен жүргүзүүгө макулдук берилсин;
-бюджеттик каражаттарды максаттуу пайдаланууну камсыз кылсын жана бюджеттин чыгымдарын оптималдаштыруу боюнча чаралар көрүлсүн;
-бардык ички финансылык ресурстарды бюджеттин кирешесине мобилизациялоо жана кошумча каражаттарды табуу боюнча иш чараларды иштеп чыксын жана аны аткарууну туруктуу комиссия төрагалары менен бирдикте жүргүзүшсүн;
-Финансылык тартипти чындоо боюнча КР бюджеттик мыйзамдарын аткарууну камсыз кылсын;
- Кербен шаарынын мэриясына 2019-жылдын жарым жыл ичинде, калкты тейлөөдө ыӊгайлуу шарттарды түзүү максатында бирдиктүү терезени камсыз кылуу жагы милдеттендирилсин;
- 2018- жылдын бюджетин аткарууда кетирилген кемчилдиктерди жоюуу боюнча алты айдын жыйынтыгы менен Кербен шаарынын мэри Н.Эсеналиевдин отчету сессияда угулсун;
-Питомниктеги № 5 «Наристе» балдар бакчасынын жетекчисинин жана ата-энелердин кайрылуусуна негиз, кошумча имаратты 6 айдын жыйынтыгы менен үнөмдөлгөн каражат эсебинен же болбосо кошумча каражаттарды табуунун эсебинен сатып алууга шарт түзүү жагы белгиленсин;
-2019-жылдын 6 (алты) айында муниципалдык жерлерди тактап, реестрин түзсүн жана бюджеттин кирешесин көбөйтүүгө жетишсин;
- “Ар түрдүү иштер” статьясын тактап, аткарылуучу иштердин көлөмүн аныктасын;
- Вице-мэрдин, адистердин функционалдык милдеттерин так аныктап чыгып, алардын квалификациялык деӊгээлин көтөрүү боюнча чараларды көрсүн.
14. Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
15. Токтом «www. Kerben.Aksy. kg» веб-сайтында жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
16. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы, бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Р.Момуновго жүктөлсүн.
Төрага | Н.Шадыбеков |