Загрузка документа…
КЕРБЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезектеги он жетинчи сессиясы
2019-жылдын 15-марты № 17/3
Кербен шаардык Кеңешинин 2017-жылдын 27-февралындагы “Кербен шаарынын мэриясынын штат бирдиктери жөнүндө”№ 3/5 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кербен шаарынын мэриясынын 11.03.2019-жылдагы № 3-34/746 билдирүүсүндө ушул убакка чейин Кербен шаарынын ЖКХсы тиешеси жок иштерди аткарып, Кербен шаарында тазалык маселеси экинчи планга сүрүлүп, натыйжада ЖКХны эффективдүү башкарууга кыйын болуп жаткандыгын, эгер аны экиге бөлсө, иш жакшырып Кербенде тазалык маселеси чечилерин, муниципалдык мүлктү башкаруу жакшыраарын жана Кербен шаарында муниципалдык мүлктөрдү башкаруу жана тазалыктын деӊгээлин көтөрүп, жашылдандыруу-көрктөндүрүүнү жакшыртуу багытында башкаруу системасын оптималдаштыруу туралуу Кербен шаарынын мэриясы жогорудагы багытта иш алып баруу үчүн учурдагы ЖКХны эки бөлүмгө ажыратып, тазалык менен бир бөлүм иштесе экинчиси муниципалдык мүлктү башкаруу, сатып алуулар жана курулуштарды жүргүзүү боюнча аракеттенери белгиленген.
Ошондуктан мэр Н.Эсеналиевдин сунушун аткаруу максатында, Кербен шаардык Кеӊешинин 2017-жылдын 27-февралындагы “Кербен шаарынын мэриясынын штат бирдиктери жөнүндө”№ 3/5 токтомуна өзгөртүү -толуктоолорду киргизүү зарылдыгы пайда болот. Шаардык Кеңештин финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын 2019-жылдын 11-мартындагы № 56 токтомун карап жана талкуулап чыгып,“КР Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Кербен шаардык Кеӊешинин VII чакырылышынын кезектеги он жетинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.Кербен шаарынын мэриясында «Тазалык» жана «Муниципалдык менчик жана курулуш» бөлүмдөрүн түзүүгө уруксат берилсин жана аны түзүү боюнча мыйзамдуулугун карап чыгуу Кербен шаарынын мэриясына жүктөлсүн.
2. Кербен шаардык Кеңешинин 2017-жылдын 27-февралындагы “Кербен шаарынын мэриясынын штат бирдиктери жөнүндө”№ 3/5 токтомунун № 3 тиркемеси жокко чыгарылып жана № 3; № 3/1 тиркемелердин жаңы редакциясы кабыл алынсын (тиркелет).
3.Тиешелүү өзгөртүүлөргө байланыштуу, кызматка кабыл алуу жана эмгек акысын төлөө КР мыйзамдарына ылайык жүргүзүлсүн.
4.Жаӊы бөлүмдөргө жумушчуларды кабыл алуу анын жетекчиси менен макулдашуу аркылуу жүргүзүлсүн.
5.Кербен шаарынын мериясы:
-Жаӊы бөлүмдөр жөнүндө Жобо иштеп чыксын;
-2019-жылдын алты ай ичинде “Тазалык” коммуналдык чарба бөлүмүн базасында өз алдынча ишкана түзсүн;
-Мэриянын финансы бөлүмү аркылуу таштандылардын катуу калдыктары боюнча жыйымдардын өлчөмүн кайра карап чыгып, сессиянын кароосуна киргизсин.
6. Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
7. Токтом «www. Kerben.Aksy. kg» веб-сайтында жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
8. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы, бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Р.Момуновго жүктөлсүн.
Төрага | Н.Шадыбеков |