Загрузка документа…
КЕРБЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезектеги он жетинчи сессиясы
2019-жылдын 15-марты № 17/5
2019-жылга “Кербен сууканал” муниципалдык ишканасынын пландары жөнүндө
«Кербен сууканал» муниципалдык ишканасы 21.12.2017-жылы шаардык Кеӊештин кезектеги сессиясынын № 8/2 токтому менен түзүлгөн. Сессияда Кербен СОППВ ишканасынын бардык мүлкүн, жер аянттарын өткөруп алуу жана жаӊы түзүлгөн «Кербен сууканал» муниципалдык ишканага ижара негизинде пайдалануу боюнча көрсөтмөлөр берилген. Кербен шаарынын мэриясы токтомду толук аткарбай, мүлк толук инвентаризациядан өткөн эмес. 2018-жылга түзүлгөн бюджетинин киреше бөлүгү 5110994 (беш миллион бир жүз он миӊ тогуз жүз токсон төрт) сом болсо,аткарганы 4025518 (төрт миллион жыйырма беш миӊ беш жүз он сегиз) сом же 79 % аткарышкан. 2018-жылга түзүлгөн планга ылайык 1085478 (бир миллион сексен беш миӊ төрт жүз жетимиш алты) сом аткарылбай калган.
«Кербен сууканал» муниципалдык ишкананы Кербен шаарынын мэриясы көзөмөлгө алган эмес. Шаардык Кеӊеши таза сууну пайдалануу боюнча тарифтерин бекитип берген. Бул боюнча мэрия көзөмөлдү күчөтүү зарыл. 2019-жылга «Кербен сууканал» муниципалдык ишканасынын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрү 5218468 (беш миллион эки жүз он сегиз миӊ төрт жүз алтымыш сегиз) сомго пландаштырган. Бул түзүлгөн пландарды аткаруу боюнча мэрия менен биргеликте иш чараларды жүргүзүүсү зарыл. Кербен шаарынын мэриясы «Кербен сууканал» муниципалдык ишканасы менен биргеликте таза суу трассасын, таза суу башатынын, таза суу кампаларынын, таза сууну бөлүүчү жана скважиналардын жер аянттарын тактап, мамлекеттик каттоодон өткөрүү маселелерин чечүү керек. «Кербен сууканал» муниципалдык ишканасынын атайын техникасы (эксковатор) жоктугуна байланыштуу ар тараптан техникаларды ижарага алып иштетип жатат. Ошондуктан эксковатор алып берүү зарылдыгы бар. «Кербен сууканал» муниципалдык ишканасынын резерви көп. Кербен шаарынын калкына таза суу менен камсыздоо мэриянын негизги милдети.
«Кербен сууканал» муниципалдык ишканасынын 2018-жылга бюджетинин аткарылышын, 2019-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн, штат бирдиктерин талкуулап жана карап чыгып, Кербен шаардык Кеӊешинин VII чакырылышынын кезектеги он жетинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. 2018-жылкы Кербен шаарынын «Кербен сууканал» муниципалдык ишканасынын аткарган иштери канааттандырарлык деп эсептелсин.
2. 2018-жылы «Кербен сууканал» муниципалдык ишканасы жыйылбай калган (недоимка) 1085476 сом боюнча иш чараларды жүргүзсүн.
3. 2019-жылга «Кербен сууканал» муниципалдык ишканасынын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрү төмөнкүдөй бекитилсин:
Киреше бөлүгү – 5218468 сом (№ 1 тиркеме);
Чыгаша бөлүгү – 5218468 сом (№ 2 тиркеме).
-2-
4. «Кербен сууканал» муниципалдык ишканасынын штат бирдиги бекитилсин (№ 3 тиркеме).
5 .Кербен шаарынын мэриясы: «Кербен сууканал» муниципалдык ишканасына пайдаланууга өткөрүп берген суу башатынын, суу кампалардын, скважиналардын, суу бөлгүчтөрүн, администрациясынын конторасынын жана башка жерлердин жер аянттарын тактап чыгып мамлекеттик каттоодон өткөрүү боюнча иш чараларды жүргүзсүн.
6. Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
7. Токтом «www. Kerben.Aksy. kg» веб-сайтында жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
8. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы, бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Р.Момуновго жүктөлсүн.
Төрага | Н.Шадыбеков |