Загрузка документа…
КЕРБЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезектеги он жетинчи сессиясы
2019-жылдын 15-марты № 17/7
Кербен шаарынын таза суу тармагын реабилитациялоо үчүн ЕБРР тарабынан каржылануучу кредит жөнүндө
Калкты таза суу менен камсыздоону жакшыртуу максатында 2018-2019-жылдар аралыгында Кербен шаарында суу тармактарын реабилитациялоо боюнча МВФтин каржылоосунда гранттык долбоор иштеп жаӊы суу түтүктөрү тартылууда. Бул долбоор 2019-жылы аяктайт.
Мындан сырткары, Кербен шаарынын мэриясы шаардын тазасуу менен камтылбаган бөлүгүнө таза суу линиясын тартып, ар бир үйгө суу эсептегичтерди орнотуу, райондук ооруукананын саркынды суулары үчүн канализацияны оӊдоо-түзөө иштерин жүргүзүү максатында ЕБРРден кредит алуу ниетин билдирип, 2019-жылдын 12-мартында № 3-34/158 кайрылуусун шаардык Кеӊештин кароосуна киргизип макулдук сураган.
Депутаттардын сунушу менен шаардын мэриясы тарабынан жер-жерлерде кредит алуунун шарттары боюнча чогулуштар өткөрүлүп, көпчүлүк жерде кредит алуу сунуштары колдоого алынган эмес, “КР ЖӨБ органдары жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесине негиз,жогорудагы маселени карап жана талкуулап чыгып, Кербен шаардык Кеӊешинин VII чакырылышынын кезектеги он жетинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.Кербен шаарынын мэриясынын шаардын таза-суу тармагын жакшыртууга ЕБРР тарабынан каржылануучу кредит үчүн шаардык Кеӊештин макулдугун алуу сунушу колдоого алынбагандыгы белгиленсин.
2.МВФ тарабынан каржыланган Кербен шаарын “таза суу менен камсыздоо” долбоору 2019-жылы аяктагандан кийин толук инвентаризация жасалып,иштин көлөмү аныкталгандан кийин таза суу тармагын каржылоо булагын издөө сунушталсын.
3. Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Токтом «www. Kerben.Aksy. kg» веб-сайтында жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы, бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Р.Момуновго жүктөлсүн.
Төрага | Н.Шадыбеков |