Загрузка документа…
САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 23-апрели № 20/1
Жеке менчик имараттын максаттуу багытын өзгөртүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап чыгып,”Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 31-беренесине негиз Сакалды айылдык кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезексиз XХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Сакалды айыл өкмөтүнүн Чон-Багыш айылынын жашоочусу жаран Сатыбалдиева Буажарга таандык жеке менчик турак жай үчүн ажыратылган жер тилкенин максаттуу багытын өзгөртүп, жеке менчик бала бакча куруу үчүн пайдаланууга уруксат берилсин.
2. Бул маселе боюнча тиешелүү иш кагаздарды даярдап берүү Ноокен райондук жер мамкаттоо башкармалыгынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын камсыздоо Сакалды айыл өкмөтүнүн башчысы М.Султановго жүктөлсүн.
Төрага | Д.Бекназаров |