Загрузка документа…
САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII чакырылышынын кезексиз XX сессиясы
2019-жылдын 23-апрели № 2
Материалдык колдоо көрсөтүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап чыгып,”Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 31-беренесине негиз Сакалды айылдык кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезексиз XХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Сакалды айыл өкмөтүнүн башкы адиси А.Бактыбаев 2019-жылдын 15-апрель күнү мезгилсиз каза болгондугуна байланыштуу анын 2001-жылдан тартып аталган айыл өкмөттүн социалдык экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымын жана эмгегин эске алып,үй бүлөсүнө материалдык колдоо көрсөтүү максатында айыл өкмөттүн жергиликтүү бюджетинен 35000(отуз беш миң) сом акчалай каражат материалдык колдоо иретинде ажыратылсын.
2. Аталган каражатты мыйзамда тыюу салынбаган булактардан карап бөлүп берүүнү камсыздоо айыл өкмөттүн тийиштүү адисине жүктөлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын камсыздоо Сакалды айыл өкмөтүнүн башчысы М.Султановго милдеттендирилсин.
Төрага | Д.Бекназаров |