Загрузка документа…
КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 16-апрели № 84
Малчылардын малдарынын жайытка чыгуу жана көчүп келүү убактысы айдап себүү иштеринин баасын бекитүү жөнүндө
Кетмен – Дөбө айыл аймагында болуп өткөн чогулуштардын токтомдорунун жыйынтыгын эске алып 2019-жылы малчылардын малын жайытка кетүүсүн жана кайра келүүсүн, механизаторлордун жерди айдап себүү, оруп жыйноосуна бааны чектеп берүү боюнча айыл өкмөтүнүн башкы адиси Масирбаев Урматбек Тоткобековичтин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кетмен-Дөбө айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Терек – Суу жана Чоң – Арык айылдарына караштуу малчылардын малдарын жакынкы жайытка кетирүү 15- апрелден башталсын.
2. Терек – Суу айылына жайлоодон малчылардын көчүп келүүсү 5 – октябрга, ал эми Чоң – Арык, Жаңы – Арык, Кырк - Казык айылдарына малчылардын кайтып келүүсү 15- октябрга белгиленсин.
3. 15- апрелден кийин огородго түшкөн малдын ээлери “Бузуулар” мыйзамына ылайык жоопкер болуп эсептелсин.
4. Механизаторлордун 1 сотых жерди айдоосу 15 сомдон, эски беде аянтын бузуу 20 сомдон деп бекитилсин. (күйүүчү майы жок).
5. Күйүүчү майы менен 1 сотых жер 28 сомдон, эски беде аянтын бузуу 30 сомдон деп бекитилсин.Айдалган жерди малалоо 1 сотых жерди күйүүчү майы жок 8 сомдон, күйүүчү майы менен кошо 12 сомдон бекитилсин.Косилка менен 1 сотых бедени чабуу күйүүчү майы жок 11 сомдон, күйүүчү май менен кошо эсептегенде 15 сомдон бекитилсин.Жүгөрү, күн карама жана башка дандарды себүү 1 сотых жерди күйүүчү майы жок 11 сомдон, күйүүчү майы менен кошо 15 сомдон бекитилсин.
6. Бул токтом www.ketmendobo.com. сайытына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
7. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды
Төрага | О.Көксариев |