Загрузка документа…
КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезектеги XVI сессиясы
2019-жылдын 16-апрелм № 885
Кетмен – Дөбө жайыт пайдалануучулар бирикмесине келген атайын техника Фронталдык погрузчикке бааны бекитүү боюнча
Кетмен – Дөбө жайыт пайдалануучулар бирикмесине келген атайын техника Фронталдык погрузчиктин механизатору тез – тезден алмашып жаткандыгын жана ал погрузчик айдаган механизатордон акча каражатынын начар өндүрүлүп жаткандыгы боюнча жайыт комитетинин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кетмен-Дөбө айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кетмен – Дөбө жайыт пайдалануучулар бирикмесине келген атайын техникалар жумуш күнү бүткөндө айыл өкмөтүнүн алдына курула турган гаражга токтотулсун.
2. Атайын техникаларды пайдаланууга берүүдө төгүлө турган акча каражатынын эсебин иштеп чыгуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Чороев Илиязбек Каланбаевичке тапшырылсын.
3. Атайын техникаларды пайдаланууга алуу боюнча жарандардын кайрылган арыздарынын негизинде , иштин көлөмүнө жана төгүлгөн акчасына карата жиберүү жагы жайыт комитетинин төрагасына милдеттендирилсин.
4. Бул токтом www.ketmendobo.com. сайытына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды
Төрага | О.Көксариев |