Загрузка документа…
КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезектеги XVI сессиясы
2019-жылдын 16-апрели № 86
Кетмен-Дөбө айыл аймагындагы Терек-Суу айылынын тургуну Ормонбеков Айдарбек Чакиевичтин жеке менчикке берилген жер аянтын муниципалдык менчикке ыйгаруу жөнүндө
Кетмен-Дөбө айылдык Кеңешинин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясында Терек-Суу айылынын тургуну Ормонбеков Айдарбек Чакиевичтин арызы каралып, 25.11.2018-жылдын № 4 токтому чыгарылган. Жер жана турак жай,муниципалдык менчик боюнча айыл өкмөтүнүн башкы адиси Жөлөков Турсуналынын маалыматын угуп жана талкуулап Кетмен-Дөбө айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн Терек-Суу айылынын тургуну Ормонбеков Айдарбек Чакиевичтин жеке менчигиндеги мамлекеттик актысында идентификациялык код 3-07-04-1001-0168 номериндеги 960 кв.метр жер аянтын демөөрчүлүк катарында айыл өкмөттүн карамагына муниципалдык менчик катары өткөрүп берүү жөнүндөгү арызы Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарына ылайык канааттандырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын мыйзамынын беренелерине ылайык мыйзамдаштырууну кароо жагы жер жана турак жай,муниципалдык менчик боюнча айыл өкмөтүнүн башкы адиси Жөлөков Турсуналыга тапшырылсын.
3. Бул токтомду көзөмөлгө алуу жагы Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Чороев Бакытбек Каланбаевичке тапшырылсын.
4. Бул токтом www.ketmendobo.com. сайытына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды
Төрага | О.Көксариев |