Загрузка документа…
КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезектеги XVI сессиясы
2019-жылдын 16-апрели № 87
Кетмен-Дөбө айыл аймагындагы Чоң-Арык айылынын тургуну Чотоева Айнура Коеновнанын арызын кароо жөнүндө
Кетмен-Дөбө айыл аймагындагы Чоң-Арык айылынын тургуну Чотоева Айнура Коеновнанын жолдошу Ташболотов Жанузакка Кетмен-Дөбө айыл өкмөтү тарабынан 2012-жылдын 25-январында № 2-токтому менен Терек-Суу айылынын ичиндеги Токтогул Беш-Таш автожолунун жээгинен соода түйунү жана май куйуучу жай катары 1100 квадрат метр жер берилген.Бүгүнкү күндө ушул жерди курулуш материалдарын сактоо боюнча складтык курулуш жай катары курулуш курууга профилин өзгөртүп берүү жөнүндөгү Чотоева Айнура Коеновнанын арызын карап Кетмен-Дөбө айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кетмен-Дөбө айыл аймагындагы Чоң-Арык айылынын тургуну Чотоева Айнура Коеновнанын жолдошу Ташболотов Жанузакка Кетмен-Дөбө айыл өкмөтү тарабынан 2012-жылдын 25-январында № 2-токтому менен Терек-Суу айылынын ичиндеги Токтогул Беш-Таш автожолунун жээгинен соода түйунү жана май куйуучу жай катары 1100 квадрат метр жерин курулуш материалдарын сактоо боюнча складтык курулуш жай катары курулуш курууга профилин өзгөртүп берүү жөнүндөгү Чотоева Айнура Коеновнанын арызы Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарына ылайык канааттандырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын мыйзамынын беренелерине ылайык мыйзамдаштырууну кароо жагы жер жана турак жай,муниципалдык менчик боюнча айыл өкмөтүнүн башкы адиси Жөлөков Турсуналыга тапшырылсын.
3. Бул токтомду көзөмөлгө алуу жагы Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Чороев Бакытбек Каланбаевичке тапшырылсын.
4. Бул токтом www.ketmendobo.com. сайытына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды
Төрага | О.Көксариев |