Загрузка документа…
КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезектеги XVI сессиясы
2019-жылдын 16-апрели № 88
Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн финансы жана экономика бөлүмүнүн башчысы Карымшакова Гүлмира Казаковнанын маалыматын угуп жана талкуулап Кетмен-Дөбө айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын бюджетинен 50,0 миң сом акча каражаты өзгөчө кырдаалдарга бөлунүп берилсин.
2. Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын жергиликтүү бюджетинен 50,0 миң сом акча каражаты “Таза аймактын” 2016-2017-жылдардагы соц.фондго болгон карыздарына которууга жылдырылсын.
3. Айыл өкмөтүнүн соц.фондго болгон төлөмдөрүн чогултууга чогулган акча каражатынын 3% көлөмүндө эмгек акы катары атайын счеттон жумшалсын.
4. Бул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн финансы жана экономика башчысы Карымшакова Гулмира Казаковнага тапшырылсын.
5. Бул токтомду көзөмөлгө алуу жагы Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Турсункулова Акынкыз Каралгуловнага тапшырылсын.
6. Бул токтом www.ketmendobo.com. сайытына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
7. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды
Төрага | О.Көксариев |