Загрузка документа…
КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезектеги XVI сессиясы
2019-жылдын 16-апрели № 89
Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнө АРИС тарабынан келген техникаларды жайгаштырууга гараж куруу жөнүндө
Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин бухгалтери Масирбаев Урматбек Токтобековичтин жана айыл өкмөтүнүн жер,турак жай жана муниципалдык менчик боюнча башкы адиси Жолоков Турсуналынын маалыматын угуп жана талкуулап Кетмен-Дөбө айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнө АРИС тарабынан келген техникаларды жайгаштырууга айыл өкмөтүнүн имаратынын айланасындагы бош жаткан муниципалдык жерден 10 сотых.жер гараж курууга чектелип берилсин.
2. Токтогул райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынан топографиялык чиймелерди жана архитектуралык пландоо шарттары (АПУ) ,инженердик техникалык шарттары(ИПУ) боюнча тиешелүү документтерин бүткөрүү жер адис Жолоковго тапшырылсын.
3. Бул токтомду көзөмөлгө алуу жагы Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Чороев Бакытбек Каланбаевичке жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Турсункулова Акынкыз Карагуловнага тапшырылсын.
4. Бул токтом www.ketmendobo.com. сайытына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды
Төрага | О.Көксариев |