Загрузка документа…
КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезектеги XVI сессиясы
2019-жылдын 16-апрели № 90
Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн Терек-Суу айылына кичи футболдук аянтча куруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-2020-жылдарга “Спорттук Кыргызстан” программасы боюнча № 600-токтомун жетекчиликке жана аткарууга алып Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн жаштар ишкерлеринин кайрылууларын угуп жана талкуулап Кетмен-Дөбө айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-2020-жылдарга “Спорттук Кыргызстан” программасы боюнча № 600-токтомун жетекчиликке жана аткарууга алып Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн жаштар ишкерлеринин Терек-Суу айылына кичи футболдук аянтча куруу боюнча кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Футболдук аянтча куруу боюнча проектилерин карап көрүп,жер аянтын чектөө жана тиешелүү документтерин бүткөрүү айыл өкмөт башчысы Чороев Илиязбек Каланбаевичке тапшырылсын.
3. Бул токтомду көзөмөлгө алуу жагы Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Чороев Бакытбек Каланбаевичке жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Турсункулова Акынкыз Карагуловнага тапшырылсын.
4. Бул токтом www.ketmendobo.com. сайытына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды
Төрага | О.Көксариев |