Загрузка документа…
КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезектеги XVI сессиясы
2019-жылдын 16-апрели № 91
Терек-Суу айылынын тургуну Эсенбекова Жылдызкан Жуманазаровна магазинге берилген жеринин профилин өзгөртүп жеке менчик турак жай участкасына айландырып берүү жөнүндөгү арызы боюнча
Терек-Суу айылынын тургуну Эсенбекова Жылдызкан Жуманазаровна 2007-жылдын 12-майындагы Кетмен-Дөбө айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын IX сессиясынын № 2 токтомунун негизинде жеке менчикке магазин иштетүүгө берилген жеринин 0,09 га жер аянтын Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин негизинде профилин өзгөртүп жеке менчик турак жай участкасына айландырып берүү боюнча арызын карап Кетмен – Дөбө айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Эсенбекова Жылдызкан Жуманазаровнанын арызы боюнча мурда пайдаланып жүргөн жеринен пайдалануу аянты 44,52 метр квадрат 0,09 га жер аянтынын профилин өзгөртүп, жашап жаткандыгын эске алып Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин негизинде профилин өзгөртүп жеке менчик турак жай участкасына айландырып берүү боюнча арызы канааттандырылсын.
2. Тиешелүү иш кагаздарын топтоп мыйзам чегинде документтештирүү иштерин карап берүү жер адис Т.Жөлөковго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомун аткарылышынын мыйзамдуулугун көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөтүнүн алдындагы жер маселелери боюнча комиссиянын курамына тапшырылсын.
4. Бул токтом www.ketmendobo.com. сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | О.Көксариев |