Загрузка документа…
КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезектеги XVI сессиясы
2019-жылдын 16-апрели № 92
АРИС тарабынан каржылануучу долбоорлорго жер участогун чектеп берүү жөнүндө
2019 – жылга карата АРИС тарабынан каржыланып аткарыла турган долбоорлорго муниципалдык жерден жана жайыт жерлеринен жер участогун берүү боюнча жайыт комитети Өмүрбаев Уландын кайрылуусун угуп жана талкуулап Кетмен – Дөбө айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Кыргыз Республикасынын “2018-2023-жылдарга ветеринардык кызматын өнүктүрүү “ программасы жөнүндөгү № 673-токтомун жетекчиликке жана аткарууга алып АРИС тарабынан каржыланып аткарыла турган долбоорлор жактырылсын.
2. Кетмен – Дөбө айыл өкмөтүнүн имаратынын түндүк тарабындагы муниципалдык жерден кара малдарды уруктандыруу боюнча жасалма куут пунктун куруу үчүн 6 сотых жер участогун чектеп берүү жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Тытты участогундагы бузулган эски мал сарайдын ордунан кой – эчкилерге жуут пунктун куруу максатында 30 сотых жер участогун чектеп берүү жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. Тамга – Терек участкасындагы жайлоого бара жаткан жолдогу агын сууга автомашина жана малдарды айдап өтүүгө ылайыктуу көпүрө куруу үчүн 3(үч) сотых жер участогун чектеп берүү жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
5. Бул токтомду көзөмөлгө алуу жагы Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Чороев Бакытбек Каланбаевичке жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Турсункулова Акынкыз Карагуловнага тапшырылсын.
6. Бул токтом www.ketmendobo.com. сайытына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
7. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды .
Төрага | О.Көксариев |