Загрузка документа…
НАЗАРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 04-апрели № 13/1
2018-жылда Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчы Н.Мураталиевтин жүргүзгөн иштери жана 2018-жылга бюджеттин аткарылышы боюнча Үч-Коргон а/ө ФЭБнун башчысы У.Ороскуловдун отчету жөнүндө
Жогорудагы биринчи маселе боюнча Айылдык Кеңешинин кезектеги VII-чакырылышынын 13-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. 2018-жылда Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысынын жүргүзгөн иштери жөнүндө отчету Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Мураталиев Жалал-Абад областына чогулушка кеткендигине байланыштуу кийинки сессияга калтырылсын.
2. Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн 2018-жылдагы бюджеттин аткарылышы боюнча ФЭБнүн башчысы У.Ороскуловдун отчету толук маалымат берилбегендигине байланыштуу кийинки сессияга жылдырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары Р.Турдиевке милдеттендирилсин.
4. Назаралиев айылдык Кеңешинин ушул токтому Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн uchkorgon.webode.ru – веб сайтына жарыялансын.
5. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчынын милдетин аткаруучу Ж.Алымкуловго жүктөлсүн.
6. Назаралиев айылдык Кеңешинин ушул токтому Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн uchkorgon.webode.ru – веб сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | А.Эшалиев |