Загрузка документа…
НАЗАРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII-чакырылышынын кезектеги 13-сессиясы
2019-жылдын 04-апрели № 13/2
АМБнүн 2018-жыл ичинде аткарган иштери боюнча отчету жөнүндө
Экинчи маселени угуп жана талкуулап Айылдык Кеңешинин кезектеги VII-чакырылышынын 13-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. АМБнүн 2018-жыл ичинде жүргүзгөн иши “канааттандырарлык” деп белгиленсин.
2. АМБнүн өспүрүмдөр менен иштөө бөлүмүнүн инспекторунун жүргүзгөн ишиндеги кемчиликтери белгиленсин.
3. 2019-жылдын жарым жылынын жыйынтыгы менен өспүрүмдөр менен иштөө бөлүмүнүн (ИДН) инспекторунун жүргүзгөн иштери жөнүндө отчету угулсун.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары Р.Турдиевге милдеттендирилсин.
5. Назаралиев айылдык Кеңешинин ушул токтому Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн uchkorgon.webode.ru – веб сайтына жарыялансын.
6. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчынын милдетин аткаруучу Ж.Алымкуловго жүктөлсүн.
7. Назаралиев айылдык Кеңешинин ушул токтому Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн uchkorgon.webode.ru – веб сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | А.Эшалиев |