Загрузка документа…
НАЗАРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII-чакырылышынын кезектеги 13-сессиясы
2019-жылдын 04-апрели № 13/2
Агрардык маселе боюнча туруктуу комиссиясынын өткөн жыл ичинде жүргүзгөн иштери жана келечекте жүргүзө турган иштери жана Таза суу ишканасынын жүргүзгөн иштери жөнүндө
1. Агрардык маселе боюнча туруктуу комиссиясынын отчету жана Таза суу ишканасынын жүргүзгөн иштери жөнүндөгү билдирүүлөрү даяр болбогондугуна байланыштуу кийинки сессияга калтырылсын.
2. Агрардык маселе боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Аспердиевге эскертүү берилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары Р.Турдиевке милдеттендирилсин.
4. Назаралиев айылдык Кеңешинин ушул токтому Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн uchkorgon.webode.ru – веб сайтына жарыялансын.
5. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчынын милдетин аткаруучу Ж.Алымкуловго жүктөлсүн.
6. Назаралиев айылдык Кеңешинин ушул токтому Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн uchkorgon.webode.ru – веб сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | А.Эшалиев |