Загрузка документа…
НАЗАРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII-чакырылышынын кезектеги 13-сессиясы
2019-жылдын 04-апрели № 13/4-а
Бийкомпакт” ЖЧКсынын башкы директору С.В.Буяновдун кайрылуусу жөнүндө
Жогорудагы төртүнчү маселени угуп жана талкуулап Айылдык Кеңешинин кезектеги VII-чакырылышынын 13-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Үч-Коргон айыл өкмөтүнө караштуу “Жоон-Бакан” участкасынын Кара-Суу дарыясынын жээгиндеги “Кебекбай”, “Терме-Таш” участкалары жалпы 62,40 га жер аянттарынан чачыранды алтынды иштетүүгө макулдук берилсин.
2. Көрсөтүлгөн жер аянттары “Бийкомпакт” ЖЧКсына берилген лицензиянын мөөнөтүнө ылайык мыйзамдаштырылсын.
3. “Бийкомпакт” ЖЧКсы менен Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн ортосундагы түзүлүүчү келишимдер мыйзамга ылайык жүргүзүү жагы Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Мураталиевге жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ш.Назаралиев атындагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Р.Турдиевге жүктөлсүн.
5. Назаралиев айылдык Кеңешинин ушул токтому Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн uchkorgon.webode.ru – веб сайтына жарыялансын.
6. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчынын милдетин аткаруучу Ж.Алымкуловго жүктөлсүн.
7. Назаралиев айылдык Кеңешинин ушул токтому Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн uchkorgon.webode.ru – веб сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет
Төрага | А.Эшалиев |