Загрузка документа…
НАЗАРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII-чакырылышынын кезектеги 13-сессиясы
2019-жылдын 04-апрели № 13/4-б
”Бийкомпакт” ЖЧКсынын башкы директору С.В.Буяновдун кайрылуусу жөнүндө
Жогорудагы төртүнчү маселени угуп жана талкуулап Айылдык Кеңешинин кезектеги VII-чакырылышынын 13-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. “Бийкомпакт” ЖЧКсына берилген № 3311МЕ лицензиясынын негизинде Үч-Коргон айыл өкмөтүнө караштуу Каражылга деген жеринен 15 га жер аянты марганец кенин иштетүү үчүн берилгени белгиленсин.
2. Назаралиев айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз сессиясынын № 6/7/1 21.01.2014-ж. жана Үч-Коргон айылдык Округунун 12.02.2014-ж. № 15-токтомунун негизинде 5 жылдык мөөнөт менен берилген жер аянтын лицензиянын мөөнөтүнө ылайык (2033-ж 30-июль) узартууга макулдук берилсин.
3. “Бийкомпакт” ЖЧКсы менен бүгүнкү күндүн талабына ылайык келишим түзүү жагы Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Мураталиевге жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Ш.Назаралиев атындагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Р.Турдиевге жүктөлсүн.
5. Назаралиев айылдык Кеңешинин ушул токтому Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн uchkorgon.webode.ru – веб сайтына жарыялансын.
6. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчынын милдетин аткаруучу Ж.Алымкуловго жүктөлсүн.
7. Назаралиев айылдык Кеңешинин ушул токтому Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн uchkorgon.webode.ru – веб сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | А.Эшалиев |