Загрузка документа…
НАЗАРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII-чакырылышынын кезектеги 13-сессиясы
2019-жылдын 04-апрели № 13/4-в
№ 2 Кызыл-Жар шайлоо округунун депутаты Токторбеков Равшанбек Асаналиевичтин арызы жөнүндө
Жогорудагы төртүнчү (в) маселенин угуп жана талкуулап Айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги 13-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. № 2 Кызыл-Жар шайлоо округунун депутаты Токторбеков Равшанбек Асаналиевичтин өз арызынын негизинде депутаттык ыйгарым укугу токтотулсун.
2. № 2 Кызыл-Жар шайлоо округунан кезекте турган талапкерди депутаттыкка көрсөтүп берүү жагы Аксы аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары Р.Турдиевке милдеттендирилсин.
4. Назаралиев айылдык Кеңешинин ушул токтому Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн uchkorgon.webode.ru – веб сайтына жарыялансын.
5. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчынын милдетин аткаруучу Ж.Алымкуловго жүктөлсүн.
6. Назаралиев айылдык Кеңешинин ушул токтому Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн uchkorgon.webode.ru – веб сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | А.Эшалиев |