Загрузка документа…
НАЗАРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII-чакырылышынын кезектеги 13-сессиясы
2019-жылдын 04-апрели № 13/4-г
“Кеңештин социалдык маселелер боюнча комиссиясынын төрайымы Абдыллабекова Тамарахан жөнүндө”
Жогорудагы төртүнчү (г) маселени угуп жана талкуулап айылдык Кеңешинин кезектеги VII-чакырылышынын 13-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Жийде-Сай 2 участкасынан 27 жашоочулардан 40 машина шагал төгүп берүүсү боюнча кайрылуусу 2019-жылдын бюджетинде белгиленген сумманын негизинде жүргүзүлсүн.
2. Калбаев Абдымомундун Кыргызстан улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, беш китептин ээси жана бир канча сыйлыктардын ээси Момунов Баялынын Үч-Коргон айыл аймагынын бир көчөсүнө аты ыйгаруу жөнүндө айыл өкмөтү сунушун киргизсин.
3. Кызыл-Жар айылынын тургуну Мырзабаев Бузурманкулдун үй курууга жардам боюнча айыл өкмөтүнүн резервдик фондунун эсебинен каржыланууга сунушталган.
4. Үч-Коргон айыл аймагына караштуу базардын жоюлуп кетүүсүн алдын алуу максатында ижара акысы 1000 (Бир миң) сомдон 400 (Төрт жүз) сомго кыскартылсын.
5. Нарын айылынын тургуну Нышаналиева Анаранын уулу Максатты Германияда операция жасатуу үчүн жардам акча берүү жөнүндө жазган арызы боюнча акча каражаты резервдик фонддон каралсын.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары Р.Турдиевке милдеттендирилсин.
7. Назаралиев айылдык Кеңешинин ушул токтому Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн uchkorgon.webode.ru – веб сайтына жарыялансын.
8. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчынын милдетин аткаруучу Ж.Алымкуловго жүктөлсүн.
9. Назаралиев айылдык Кеңешинин ушул токтому Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн uchkorgon.webode.ru – веб сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | А.Эшалиев |