Загрузка документа…
НАЗАРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII-чакырылышынын кезектеги 13-сессиясы
2019-жылдын 04-апрели № 13/4-д
““АРИС” программасы менен иш алып барып жууткана курулгандыгын, ар бир койдун башына кыркым үчүн 40 (Кырк) сом, жуутка 20 (Жыйырма) сомдон алуу үчүн чечим чыгарып берүүнү, Кызыл-Жар айылына чөп топтоочу жана Кум айылына жем майдалоочу техника алып берүүнү жөнүндө”
Жогорудагы төртүнчү (д) маселени угуп жана талкуулап айылдык Кеңешинин кезектеги VII-чакырылышынын 13-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Үч-Коргон айыл аймагынын тургундарынын айыл чарба малдарын кыркуу үчүн ар бир башына 40 (Кырк) сомдон, жуутка салуу үчүн 20 (Жыйырма) сомдон акы алынсын.
2. Кызыл-Жар айылына чөп топтоочу жана Кум айылына жем майдалоочу техника АРИС долбоорунун негизинде алынып берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары Р.Турдиевке милдеттендирилсин.
4. Назаралиев айылдык Кеңешинин ушул токтому Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн uchkorgon.webode.ru – веб сайтына жарыялансын.
5. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчынын милдетин аткаруучу Ж.Алымкуловго жүктөлсүн.
6. Назаралиев айылдык Кеңешинин ушул токтому Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн uchkorgon.webode.ru – веб сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | А.Эшалиев |