Загрузка документа…
НАЗАРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII-чакырылышынын кезектеги 13-сессиясы
2019-жылдын 04-апрели № 13/4-е
“Үч-Коргон айыл Өкмөтүнүн киреше бөлүмүнүн башкы адиси Ж.К.Алымкуловту “Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруунун эмгек сиңирген кызматкери” – төш белгиси наамына сунуштоо жөнүндө”
Жогорудагы төртүнчү (е) маселени угуп жана талкуулап Айылдык Кеңештин VII-чакырылышынын кезектеги 13-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Үч-Коргон айыл Өкмөтүнүн Киреше бөлүмүнүн башкы адиси Алымкулов Жаныбек Керимбекович Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруунун эмгек сиңирген кызматкери” төш белгиси наамына сунушталсын.
2. Сыйлоого керектүү болгон иш кагаздарын даярдап жогорку органдарга өз убагында маалымдоо жагы Үч-Коргон айыл Өкмөтүнүн башчысы Н.Мураталиевке жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары Р.Турдиевке милдеттендирилсин.
4. Назаралиев айылдык Кеңешинин ушул токтому Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн uchkorgon.webode.ru – веб сайтына жарыялансын.
5. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчынын милдетин аткаруучу Ж.Алымкуловго жүктөлсүн.
6. Назаралиев айылдык Кеңешинин ушул токтому Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн uchkorgon.webode.ru – веб сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | А.Эшалиев |