Загрузка документа…
НАЗАРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII-чакырылышынын кезектеги 13-сессиясы
2019-жылдын 04-апрели № 13/4-ж
“Үч-Коргон айыл Өкмөтүнүн айыл башчыларынын штаттык бирдиктерин бөлүштүрүп жана бекитип берүү жөнүндө”
Жогорудагы төртүнчү (ж) маселени угуп жана талкуулап Айылдык Кеңештин VII-чакырылышынын кезектеги 13-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн штаттык бирдигиндеги 3 (үч) айыл башчылрдын 1.0 ставкаларын 0.25 ставкадан кыскартылып, статусу бар төрт айыл үчүн 0.75 ставкадан бөлүштүрүп 4 (төрт) айыл башчыларга штаттык бирдик болуп бекитилсин.
2. Үч-Коргон айыл Өкмөтүнүн штаттык бирдигине бекитилген 4 (төрт) айыл башчылардын айлык маяналарын 0.75 ставкадан эсептеп, төлөп берүү жагы ФЭБ башчысы У.Ороскуловго жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары Р.Турдиевке милдеттендирилсин.
4. Назаралиев айылдык Кеңешинин ушул токтому Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн uchkorgon.webode.ru – веб сайтына жарыялансын.
5. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчынын милдетин аткаруучу Ж.Алымкуловго жүктөлсүн.
6. Назаралиев айылдык Кеңешинин ушул токтому Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн uchkorgon.webode.ru – веб сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | А.Эшалиев |