Загрузка документа…
КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 09-апрели № 25/1
Көк-Жаңгак шаарынын мэриясынын №1-12/170 20.03.2019ж.кайрылуу каты жөнүндө
Көк-Жаңгак шаардык мэриянын кайрылуу катынын негизинде Көк-Жаңгак шаарындагы 40-кварталындагы Шахтерская көчөсүндөгу «Север-2» эски карьердин түндүк жагындагы 6,0 га жер тилкесин шаардын муниципалдык менчигине бекитип берүү жөнүндө карап талкуулап чыгып Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын (VII-чакырылыштагы) кезексиз ХХV-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жаңгак шаарындагы 40-кварталындагы Шахтерская көчөсүндөгу «Север-2» эски карьердин түндүк жагындагы 6,0 га жер тилкеси шаардын муниципалдык менчигине бекитилип берилсин.
2. Тиешелүү иш кагаздарын тактап коммуналдык менчик департаментинин балансынын реестрине киргизүү жагы КМДнын бөлүм башчысы Ж.Эргашевге жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгөө алуу жагы шаардын мэри У.Исмаиловго жана шаардык кеңештин экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Б.Маткаримов |