Загрузка документа…
КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылыштагы кезексиз ХХV- сессиясы
2019-жылдын 09-апрели № 25/3
Көк-Жаңгак шаарынын маданият бөлүмүнүн №12 03.04.2019ж.кайрылуу каты жөнүндө
Көк-Жаңгак шаардык маданият бөлүмүнүн № 12 03.04.2019-жылдагы кайрылуу катынын негизинде шаардык кеңештин 13.12.2018-жылдагы ХХI-сессиясынын 21/4 токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө карап чыгып Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын (VII-чакырылыштагы) кезексиз ХХV-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жаңгак шаарындагы борборлоштурулган китепкананын имаратынын 400,0м2 курулушу жана 0,18га жер аянты шаардын муниципалдык менчигине бекитип берилсин.
2. Мамлекеттик актысын жана техпаспортун алуу жагы маданият бөлүмүнүн жетекчиси А.Кунанбаевге жүктөлсүн.
3. Көк-Жаңгак шаарынын муниципалдык реестрине толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жагы КМДнын бөлүм башчысы Ж.Эргашевге жүктөлсүн.
4. Ушул токтомду аткарылышын көзөмөлгөө алуу жагы шаардын мэри У.Исмаиловго жана шаардык кеңештин экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Б.Маткаримов |