Загрузка документа…
КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылыштагы кезексиз ХХV- сессиясы
2019-жылдын 25-апрели № 26/2
Шаардык кеңештин 18.01.2019-жылдагы 23/6 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Көк-Жаңгак шаардык мэриянын 08.04.2019-жылдагы № 1-12/237 жана Көк-Жаңгак шаарынын маданият бөлүмүнүн 24.04.2019-жылдагы № 15 кайрылуу каттарынын негизинде шаардык кеңештин 18.01.2019-жылдагы 23/6 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө карап талкуулап Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын (VII-чакырылыштагы) кезексиз ХХVI-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жаңгак шаардык кеңештин 18.01.2019-жылдагы 23/6 токтомунун 6-пунктуна өзгөртүү киргизип Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын 08.04.2019-жылдагы №1-12/237 кайрылуу катын канаттандыруу максатында шаардык мэриясынын 12 кызматкеринин 2018-жылдык баалоо боюнча мэриянын баалоо комиссиясынын №1 30.01.2019-жылдагы протоколунун, шаардык мэриянын №6-б 31.01.2019-жылдагы буйругунун негизинде 31,7 миң сом жана Көк-Жаңгак шаардык кеңештин мэриянын баалоо комиссиясынын №2 01.02.2019-жылдагы протоколунун, шаардык кеңештин №2 01.02.2019-жылдагы буйругунун негизинде 13,9 миң сом баары болуп 45,7 миң сом жылдырылып берилсин;
-Көк-Жаңгак шаарынын маданият бөлүмүнүн 24.04.2019-жылдагы № 15 кайрылуу катын канаттандыруу максатында 2018-жылдык баалоонун негизинде 26,4 миң сом жылдырылып берилсин;
-коммуналдык менчик департаменти аркылуу «Көлмө» айылынын тургундарынын кайрылуусунун негизинде ( суу алышын оңдоого) 60,0 миң сом жылдырылып берилсин;
-2020-жылы боло турган эл каттоого даярдык максатында Көк-Жаңгак шаарынын көчөлөрүнө көчөнүн атын жана номерация коюу үчүн 87,1 миң сом жылдырылып берилсин;
-Көк-Жаңгак шаарынын жыйындар өтүчүү залына эмеректерди алуу үчүн 157,0 миң сом жылдырылып берилсин;
-шаардык билим берүү бөлүмүнүн электр энергия болгон карызын жоюу үчүн 23,3 миң сом жылдырылып берилсин;
Баардыгы болуп 399,5 миң сом (үч жүз токсон тогуз миң беш жүз) сом жылдырылып берилсин.
2. Көк-Жаңгак шаарынын №3 орто мектебинин 09.04.2019-жылдагы №12 кайрылуу катын канаттандыруу максатында шаардык мэриянын 2214-беренесинен билим берүү бөлүмүнүн 2215-беренесине 40,0 миң сом жылдырылып берилсин.
3. Бул токтомдун аткаруу жагы шаардын мэри У.Исмаиловго жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Көк-Жаңгак башкармалыгынын жетекчисине милдеттендирилсин.
4. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин бюджет, финансы жана салык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Мамбетовго жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Б.Маткаримов |