Редакцияот 30.11.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

ХХVII чакырылышынын кезектеги V –сессиясы

2018-жылдын 30-ноябры №5

Өрүктү айыл өкмөтүнүн 2019-жылга жергиликтүү бюджеттен бекитүү жана 2020-2021-жылдарга карата жергиликтүү бюджеттин долбоорун бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2- пунктун жана Өрүктү айыл аймагынын 2019-2020-2021-жылдардагы карата жергиликтүү бюджеттин долбоорун карап, талкуулап чыгып

 Өрүктү айылдык Кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ :

1. Өрүктү айыл өкмөтүнүн 2019-жылга карата жергиликтүү бюджеттин көлөмү кирешелер жана чыгашалар боюнча 5929,4 ( беш млн. тогуз жүз жыйырма тогуз мин төрт жүз) сом өлчөмүндө, анын ичинен:

-жергиликтүү бюджет- 2706,7 ( эки млн. жети жүз алты мин жети жүз) сом.

-тендештирүүчү грант – 3222,7 ( үч млн. эки жүз жыйырма эки мин жети жүз ) сом өлчөмүндө өзгөртүүлөрдү жана толуктоолору менен бекитилсин (тиркеме тиркелет)

2. 2020-жылга карата жергиликтүү бюджеттин кирешелери жана чыгашалары боюнча 5126,6 ( беш млн. жүз жыйырма алты мин алты жүз) сом өлчөмүндөгү долбоору жактырылсын.

3. 2021- жылга карата 5326,6 ( беш млн. үч жүз жыйырма алты мин алты жүз) сом өлчөмүндөгү долбоору жактырылсын.

4. Жыл ичиндеги акча каражаттын сарпталышы бекитилген бюджет боюнча жүргүзүлсүн.

5. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана мамлекеттик укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн облустук Юстиция башкармалыгына жиберилсин.

6. Токтомдун аткарылышы Өрүктү айыл өкмөтүнүн башчысы Эсенов Э.Ш. жана финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Айманбаева Г.Т. милдеттендирилсин.

7. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы «Бюджет , финансы, экономика, инвестиция тартуу жана орто чакан бизнести өнүктүрүү боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага

А.Мамбетов