Загрузка документа…
КӨК-МОЙНОК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 24-апрели № 11
Көк-Мойнок айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-январына калган 14 867 000 сом калдыгын кароо жана бөлүштүрүү жөнүндө 2019-жылдын 22-февралындагы №5 токтомуна өзгөртүү киргизуу жөнүндө
Көк-Мойнок айыл аймагынын Кеӊешинин депутаттарынын сөздөрун угуп жана талкуулап, Көк-Мойнок айыл аймагынын айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Мойнок айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин 01.01.2019-жылдагы калдыгын бөлүштүрүү жөнүндөгү 22.02.2019-жылдагы №5 токтомуна өзгөртүү киргизилсин.
2. 22.02.2019-жылдагы №5 токтомдун 8-пунктундагы ,СООППВ”Саламат Булак-Айыл-Суусуна” бактерицид алууга бөлүнгөн 350 000сому жана 22.02.2019-жылдагы №5 токтомдун 10-пунктундагы, “Көчөлөрдү жарыктандырууга” Ак-Өлөӊ айылына бөлүнгөн 1 187 000сомунан 450 000сому алынып баардыгы 800 000сом акча каражаты ,Көк-Мойнок айыл аймагынын С.Каралаев орто мектебинин капиталдык ремонтуна дем берүүчү гранттын өздүк салымы үчүн бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Көк-Мойнок айыл өкмөтүнүн башчысы М.Кыдыралиевага жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Н.Смановага милдеттендирилсин.
Төрага | Джодаев А.Б. |