Загрузка документа…
КӨК-МОЙНОК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 24-апрели № 12
Көк-Мойнок айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-январына калган 14 867 000 сом калдыгын кароо жана бөлүштүрүү жөнүндө 2019-жылдын 22-февралындагы №5 токтомуна өзгөртүү киргизуу жөнүндө
Көк-Мойнок айыл аймагынын Кеӊешинин депутаттарынын сөздөрун угуп жана талкуулап, Көк-Мойнок айыл аймагынын айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Мойнок айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин 01.01.2019-жылдагы калдыгын бөлүштүрүү жөнүндөгү 22.02.2019-жылдагы №5 токтомунун 14-пуктусуна өзгөртүү киргизилсин.
2. 22.02.2019-жылдагы №5 токтомдун 14-пуктундагы “Байдамтал Алтын булак ” деген сөз алынып салынып, анын ордуна Көк-Мойнок-2 айылындагы “Таза сууга” электр линиясын тартууга 220 000сом берилсин деп өзгөртүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Көк-Мойнок айыл өкмөтүнүн башчысы М.Кыдыралиевага жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Н.Смановага милдеттендирилсин.
Төрага | Джодаев А.Б. |