Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 23-январы № 26-9/2
Аукциондор жана конкурстар аркылуу сатыкка коюлуучу жер тилкелери жөнүндө
Каракол шаардык депутаттар Кеӊешинин төрайымы А.К.Джумабекованын маалыматын угуп жана талкуулап, Каракол шаардык депутаттар Кеӊешинин XXVI чакырылышынын кезексиз IX сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2013-жылдын 31-январында өткөрүлө турган жер тилкелерин сатуу боюнча конкурс жана аукцион жокко чыгарылсын.
2. Конкурска жана аукционго даярдалган материалдардын баары кайрадан иштеп чыгуу үчүн жиберилсин жана мындан ары конкурска жана аукциондорго материалдар, “Каракол шаарынын муниципалдык менчигиндеги жер тилкелерине, менчик же ижара укугун акылуу берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндөгү” Жобого ылайык киргизилсин.
3. Мэрияга, ММБДге, архитектурага, жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына, аукциондор жана конкурстар аркылуу сатыкка же ижарага берүү үчүн, Каракол шаарындагы жер тилкелеринин реестрин түзүү жана сессиянын кароосуна киргизүү тапшырылсын.
4. 2012-жылы, аукциондор жана конкурстар аркылуу сатыкка коюлган жер тилкелерин изилдөө үчүн, макулдашуу боюнча, курамында жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын, унаа, жолдор, турак-жай, муниципалдык, коммуналдык чарба жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясынын бир нече мүчөлөрү жана мыйзамдуулукту сактоо, ММКлар жана коомчулук менен байланыш, депутаттык этика, депутаттык ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын бир мүчөсү болгон жумушчу комиссиясы түзүлсүн.
5. Түзүлгөн жумушчу комиссия тарабынан, Каракол шаарында жер тилкелерин жеке турак-жай куруу үчүн, акыркы 5 жылдын ичинде берилгенди изилденгенине чейин, Каракол шаарында, жеке турак-жай куруу үчүн жер тилкелерин берүүгө мораторий жарыялансын.
6. Жумушчу комиссиясы, текшерүүнүн жыйынтыгын сессиянын кароосуна киргизсин.
7. Айкындыкты камсыз кылуу үчүн, конкурстардын жана аукциондордун жыйынтыктары, милдеттүү түрдө, Каракол шаарынын интернет сайтында жайгаштырылсын.
8. Токтомдун аткарылышан көзөмөл кылуу, жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына (Т.М.Өмүров), мыйзамдуулукту сактоо, ММКлар жана коомчулук менен байланыш, депутаттык этика, депутаттык ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына (К.Т.Усупбаев) жүктөлсүн.
Төрага | А.Джумабекова |