ТОГУЗ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII - чакырылышынын 13 сессиясынын
2018-жылдын 28-сентябры № 21
Тогуз-Булак айыл аймагынын айылдык Кенешинин токтомдорун мамлкеттик тилинде гана кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамынын 26-беренесинин 1.1 пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесине таянып Тогуз-Булак айыл аймагынын айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тогуз-Булак айыл аймагынын айылдык Кенешинин токтомдору мамлекеттик тилде гана кабыл алынсын.
2. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасыныны ченемдик-укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Тогуз-Булак айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Тогуз-Булак айылдык Кенешинин төрагасынын орун басарына милдеттендирилсин.
Төрага | Т.Акунов |