Загрузка документа…
САНТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII-чакырылышынын 17-cессиясы
2018-жылдын 31-ноябры № 18
“Айылдык Кенеште кабыл алынган токтомдор кыргыз тилинде жарыялоо тууралуу”
Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамынын 26-беренесинин 1-1 пунктуна ылайык Санташ айыл аймагынын айылдык Кеңеши Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесине таянып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Санташ айылдык Кеңешинин токтомдору мамлекеттик тилде гана кабыл алынсын.
2. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук аткарылышынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Санташ айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Санташ айылдык Кеңешинин төрагасына милдеттендирилсин.
Төрага | Кудайберген уулу Азимбек |