Загрузка документа…
БАРСКООН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 04-февралы № 5
Айыл ѳкмѳтүнүн эсебиндеги эркин калдыктар жѳнүндѳ
Эл депутаттарынын Барскоон айылдык кеңешинин сессиясынын айыл ѳкмѳтүнүн ФЭБ башчысы А.Иманакунованын айыл ѳкмѳтүнүн эсебиндеги жыл аягында эркин калдыктар жѳнүндѳгү билдирүүсүн угуп талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жергиликтүү бюджеттеги 2019-жылдын 1-январь айына карата эркин калдыктар 1 549,2 миң сом ѳлчѳмо жүргүзүлсүн жана анын ичинен:
2. 70111- Аппарат бѳлүмүнүн 2215.статьясына – 1 000,0 миң сом акча каражатына айыл аймактын генералдык планын чийдирүүгѳ;
3. 70629 - ЖКХ бѳлүмүнүн 3111.статьясына – 549,2 миң сом өрт өчүрүүчү пост курууга.
4. Атайын эсептен 2019-жылдын 1-январына 70111-Аппарат бѳлүмүнүн 2215.статьясына – 6,5 миң сом ар кандай иш чараларга жана 70921- бала бакчанын атайын эсебинен- 2,9 миң сом 2218. статьясына тамак-аш алууга бекитилсин.
5. Каралган акча каражаттар бекитип берүү жагы райондук финансы башкармалыгынан суралсын.
6. Токтомдун аткарылышын камсыздоону айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Р.Эшмамбетовго жана кѳзѳмѳлдѳ жагы айылдык кеңештин алдындагы финансы-экономикалык маселелер боюнча турукту комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Н.Чекиров |