Загрузка документа…
БАРСКООН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII-чакырылышынын 2 кезексиз сессиясы
2019-жылдын 04-февралы № 6
Барскоон айыл аймагына өрт өчүрүүчү пункт ачууга жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө
Барскоон айыл аймагына өрт өчүрүүчү пункт ачууга жер тилкесин бөлүп берүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Жети-Өгүз райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн 2019-жылдын 30,01, №27 катын угуп, талкуулап айылдык кеӊеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Барскоон айыл аймагына өрт өчүрүүчү пункт ачууга Барскоон айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчиги болгон 2-02-03-1001-1267 коду менен катталган 2080,0 кв.м жер аянтынын ичинен 1000 кв метр (0,10 га) жер тилкеси бөлүнүп берилсин.
2. Бөлүнүп берилген 1000 кв метр жер аянты Кыргыз Республикасынын Жети-Өгүз райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн балансасына өткөрүлүп берилсин.
3. Жер тилкесин бөлүп берүү жана баланска өткөрүү иштери айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Эшмамбетовго тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага | Н.Чекиров |