Загрузка документа…
БАРСКООН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII-чакырылышынын 2 кезексиз сессиясы
2019-жылдын 04-февралы №7
Барскоон айыл аймагындагы «Таарылгы Булак» ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмесинин (ИСКАКБ) кайрылуусунун негизинде ичүүчү сууга болгон тарифти кайра кароо жөнүндө
И.Иманалиевдин Барскоон айыл аймагындагы «Таарылгы Булак» ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмесинин (ИСКАКБ) кайрылуусунун негизинде ичүүчү сууга болгон тарифти кайра кароо жөнүндө билдирүүсүн угуп, талкуулап айылдык кеӊештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдын аймагында суу пайдалангандыгы үчүн акы төлөбөй жаткан абоненттердин суу түтүгү алынып салынсын.
2. Өз алдынча суу түйүнүн кошуп алгандарга 5000 сом өлчөмүндө айып пул салуу менен чара көрүлсүн.
3. Суу пайдалануу эрежелерин бузгандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүлүп эскертүү чаралары көрүлсүн, талап аткарылбаса 500 сом өлчөмүндө айып салуу менен чара көрүлсүн.
4. Айыл аймагындагы ишканалар, уюмдар, мекемелер, соода түйүндөрүнө суу пайдалангандыгы үчүн айына төмөндөгүдөй тарифтер бекитилсин:
-Айыл өкмөтү, айылдык клуб 200 сом, №3 жол тейлөө ишканасы 300 сом, Барскоон РЭТ-300 сом Песко блок, брусчатка чыгарган кичи ишканалар-200 сом
-Айыл аймагындагы муниципалдык ишканаларга келишимдин негизинде тарифтер бекитилсин.Айыл аймагындагы баардык соода түйүндөрү- 30 сом, диагностика борбору -100 балдар бакчасы, №55 КЛ жана мектептер, Асан ата, Жетиген кафелери 500 сом, Сурановдун купкасы жылына 2000 сом, Ярасул, тез татым, Азиза кафелери 300 сом, айыл аймагындагы финансылык компанияларга 300 сом Мончолор 500 сом, таксилердин диспетчердик кенселери 100 сом, Ай-сымал административдик имаратта жайгашкан мекемелер айына 50 сом мини футболдук аянтча, Бакыт ЖЧК 100 сом БӨУ кенселери, маалымат борбору 50 сом.
5. Жазгы сугат суусун көзөмөлдөө жана сууну сугатка берүү убактысы 12-00 дөн танкы 6-00 го чейин деп бекитилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Эшмамбетовго тапшырылсын.
Төрага | Н.Чекиров |