Загрузка документа…
БАРСКООН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII-чакырылышынын 2 кезексиз сессиясы
2019-жылдын 04-февралы № 8
Айылдын аймагында муниципалдык ишкана ачуу жөнүндө
И.Саданбековдун муниципалдык ишкана ачуу жөнүндө билдирүүсүн угуп, талкуулап айылдык кеӊештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдын аймагында мурда иштеп келген «Барс-S» муниципалдык ишканасынан бөлүнүп өзүнчө ишкана болуп ачылсын.
2. Ишкананын жетекчиси болуп Саданбеков Ислан Yсөнбековичтин талапкерлиги сунушталсын.
3. Жаны ачылып жаткан муниципалдык ишкананы юстиция министрлигинен, мамлекеттик салык кызматынан, мамлекеттик статистикалык комитетинен каттоодон өткөрүү жагы И.Саданбековго милдеттендирилсин.
4. Ишкананын башкы адистеринин айлык акыларына, коммуналдык кызматтарга, командировкалык чыгымдарга, күйүүчү майлоочу майларга, концелярдык товарларга жана башка чыгымдарга ишкана тараптар менен түзгөн келишимдерине ылайык ишкананын эсебине түшкөн акча каражатынын 12 пайызын пайдалануу жагы белгиленсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага | Н.Чекиров |