Загрузка документа…
БОЗ-УЧУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 18-майы № 25
Ново-Вознесеновка–Боз-Учук айылдарынын суу пайдалануучуларынын тарифтерин бекитүү жөнүндө
Ново-Вознесеновка–Боз-Учук айылдарынын суу системасы бир болгондуктан айылдардын калкы бир булактан агып келген суудан пайдаланышат. Аймакгагы эки айылдын суу көйгөйү абдан жогору болгондуктан калкка кызмат көрсөтүүлөрдүн сурамжылоосунда башкы орунду ээлеген. Айыл өкмөтү калкка суу берүүнү жакшыртуу максатында «Боз-Учук- таза суусу» суу пайдалануучулар бирикмеси түзүп антимонополиядан суунун тарифин куб менен бекитип беришкен. Жакын арада сууга койулуучу счетчиктер алына тургандыгын эске алып жана айылдык кенештин депутаттарынын ой-пикирлерин угуп айылдык кенеш
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Ново-Вознесеновка –Боз-Учук айылдарынын суу пайдаланууга терифтери суунун счетчиги орнотулганга чейин мурдагы баасында короосунда суусу барлар - 50(элүү) сомдон, көчөдөн ичкендер 30 (отуз) сомдон бекитилсин. Счетчик орнотулгандан кийин суу акысы 1 (бир) кубуна 9,50(тогуз сом элүү тыйындан) сомдон алынсын.
2. Айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сейлибаевге «Боз-Учук-таза суу» суу пайдалануучулар бирикмесинин ишине көзөмөлдүк кылуусу милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага | А.Узакпаев |