Загрузка документа…
БОЗ-УЧУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 23-ноябры № 35
Боз-Учук айыл аймагында 2018-2020-жылдарга коммуникациялык стратегияны бекитүү жөнүндө
Боз-Учук айыл аймагында айыл өкмөтү менен калктын ажырымын азайтуу эл менен байланышты күчөтүү максатында ,2018-жылдын август айында өткөрүлгөн окуулардан кийин коммуникациялык стратегия кабыл алынган. Учурда бул стратегияны колдонуу менен айыл өкмөтүндө ватсап ачылып жатат. Айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы З.Дюшембиеванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кенеш
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Боз-Учук айыл өкмөтүнүн 2018-2020-жылдарга Коммуникациялык стратегиясы бекитилсин.
2. Коммуникациялык стратегия боюнча иш алып баруу айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
1. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча агенттигинин www.gamsumo.gov.kg веб сайтына жарыялансын.
2. Ушул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сейлибаевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сейлибаевге жүктөлсүн.
Төрага | А.Узакпаев |