Загрузка документа…
БОЗ-УЧУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 21-декабры № 38
Боз-Учук айыл аймагындагы жайыттар комитетинин 2018-жылдын бюджетинин аткарылышы жөнүндө
Боз-Учук айыл өкмөтүнүн жайыттар комитетинин төрагасы Токтосун уулу А. 2018-жылдын бюджетинин аткарылышы жөнүндөгү маалыматын угуп жана талкуулап айылдык кенеш
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Боз-Учук айыл аймагында жайыттар комитетинин 2018-жылдагы бюджетинин аткарылышы эске алынсын.
2. Жайыттар комитетинин проект менен алынган экскаватору айыл өкмөтүнүн балансына кириштелип, кайрадан оперативдүү башкаруу келишими менен жайыттар комитетине бекитилип берилсин.
3. Экскаваторду кызмат пайдалануучуга кызмат көрсөтүүгө берүүгө келишимдин пунктарын толуктап иштеп чыгуу айыл өкмөтүнүн жайыттар комитетинин төрагасы Токтосун уулу Алмазга милдеттендирилсин.
4. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча агенттигинин www.gamsumo.gov.kg веб сайтына жарыялансын.
5. Ушул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сейлибаевге милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сейлибаевге жүктөлсүн.
Төрага | А.Узакпаев |