Редакцияот 10.10.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОН-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

XXVII-чакырылышынын кезексиз 10-сессиясы

2018-жылдын 10-октябры № 68

Чон-Таш айыл аймагынын айылдык Кенешинин токтомдорун мамлекеттик тилинде гана кабыл алуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамынын 26-беренесинин 1-1 пунктуна ылайык ,Чон-Таш айыл аймагынын айылдык Кенеши Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесине таянып,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чон-Таш айыл аймагынын айылдык Кенешинин токтомдору мамлекеттик тилинде гана кабыл алынсын.

2. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Чон-Таш айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Чон-Таш айылдык Кенешинин төрагасына милдеттендирилсин.

 

Төрага

Б.Абдыкадыров