КУДУРГУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII-чакырылыштын кезексиз ачык XII- сессиясы
2018-жылдын 30-октябры № 20/2
Кудургу айыл аймагындагы айылдык Кеңешинин токтомдорун мамлекеттик тилинде гана кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамынын 26-беренесинин 1-1 пунктуна ылайык, Кудургу айыл аймагынын айылдык Кеңеши Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31- беренесине таянып,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кудургу айыл аймагынын айыл Кеңешинин токтомдору мамлекеттик тилинде гана кабыл алынсын.
2. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кудургу айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Кудургу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басарына жүктөлсүн.
Төрага | Ибраев У.С. |