Редакцияот 24.09.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТҮП АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

ХХVII-чакырылышынын кезексиз ачык ХIV-сессиясы

2018-жылдын 24-сентябры № 22

Түп айыл аймагынын айылдык Кенешинин Токтомдорун мамлекеттик тилинде гана кабыл алуу жѳнүндѳ

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жѳнүндѳ»Мыйзамынын 26-беренесинин 1-1 пунктуна ылайык Түп айыл аймагынын айылдык Кеңеши Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ»Мыйзамынын 31-беренесине таянып,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Түп айыл аймагынын айылдык Кеңешинин токтомдору мамлекеттик тилинде гана кабыл алынсын.

2. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Түп айыл ѳкмѳтүнѳ милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ Түп айылдык Кеңешинин тѳрагасына милдеттендирилсин.

 

Төрага

Б.Умралиев