Загрузка документа…
ТҮП АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ХХVII-чакырылышынын кезексиз ачык ХIV-сессиясы
2018-жылдын 16-ноябры № 30
Түп айылдык аймагынын бузуулар жѳнүндѳ иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу Жобону бекитүү жѳнүндѳ
Түп айыл аймагынын бузуулар жѳнүндѳ иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу Жобону бекитүү жѳнүндѳ Түп айылдык Кеңешинин XXVII-чакырылышынын ХV-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Түп айыл аймагынын бузуулар жѳнүндѳ иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу Жобо бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ айыл ѳкмѳтүнүн жооптуу катчысы К.Ордобаевага тапшырылсын.
Төрага | Б.Умралиев |
Түп айылдык Кенешинин ХVII чакырылыштагы ХVсессиясында №30 токтому менен бекитилди
1.Ушул типтүү жобо Кыргыз Республикасынын бузуулар жѳнүндѳ кодексинде(мындын ары-Кодекс)Кыргыз Республикасынын жергиликтуу ѳз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жѳнүндѳ иштерди кароо боюнча комиссияларын (мындан ары)түзүүнүн жана алардын ишинин тартибин аныктайт.
2.Комиссия жергиликтүү Кенеш тарабынан түзүлѳт жана туруктуу иштѳѳчү коллегииалдуу орган болуп эсептелет.
3.Комиссия жѳнүндѳ жобо,анын сандык жана персоналдык курамы жергиликтуу кенештин чечими менен бекитилет.
4.Комиссия ѳз ишмердүүлүгүндѳ Кыргыз Республикасынын Конституциясынын,Кыргыз Республикасынын бузуулар жѳнүндѳ кодексин,башка ченемдик укуктук актыларды жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
5.Комиссия кодексте каралган бузуулар жѳнүндѳ иштерди кароо боюнча ыйгарым укуктарга ээ.
6.Комиссия жергиликтүү кенештин алдында отчет берет.Комиссия жыл сайын,15-январдан кеч эмес откон календарлык жылда аткарган оз иштери тууралуу отчет даярдап жергиликтүү кенешке киргизет.
7.Комиссиянын ишмердүүлүгүн материалдык-техникалык жактан камсыздоо жергиликтүү бюджетте каралган каражаттардын эсебинен жүргүзүлѳт.
2.Комиссияны түзүүнүн жана анын ишмердүүлүгүн токтоолугунун тартиби
8.Комиссия так санда,5-11 адамдан,Комиссиянын тѳрагасынын, орун басарынын,катчысынын жана мүчѳлѳрүнүн курамында түзүлѳт.
9.Жергиликтүү кенеш тарабынан бекитилүүчү Комиссиянын курамына тѳмѳндѳгүлѳр киришет:
-жергиликтүү кенештин депутаттары;
-муниципалдык кызматчылар;
-шаардын,айыл аймагынын чегинде жашаган жарандык коомдун жана жергиликтүү жамааттын ѳкүлдѳрү(макулдашуу боюнча)
Комиссиянын тѳрагасы комиссиянын мѳчѳлѳрүнүн ичинен ,ал эми Комиссиянын катчысы айыл ѳкмѳтүнүн муниципалдык кызматчысы болгон комиссиянын мүчѳлѳрүнүн ичинен дайындалат.
10.Жарандык коомдун жана жергиликтүү жамааттын ѳкүлдѳрүнѳн 21 жашка толгон,атайын орто жана (же)жогорку билимдуу Кыргыз Республикасынын жараны Комиссиянын мүчѳсү боло алат.
11.Жарандык коомдун жана жергиликтүү жамааттын ѳкүлдѳрүнѳн 21жашка толгон ,атайын орто жана (же) жогорку билимдүү Кыргыз Республикасынын жараны Комиссиянын мүчѳсү боло алат .
12.Жарандык коомдун жана жергиликтүү жамааттын ѳкүлдѳрүнѳн:
-соттун чечими менен аракетке жѳндѳмсүз же аракетке жѳндѳмдүүлүгү чектелген деп табылган;
-соттулугу бар же мыйзамда аныкталган тартипте алынбаган же жабылбаган соттулугу бар ;
-акталбаган негиздер боюнча соттук куугунтуктоосу (жазык иши) токтотулган , мурда жазык жоопкерчилигине тартылган ;
-медициналык корутундуга ылайык ден соолугунун абалы Комиссиясынын мучѳсүнүн ыйгарым укуктуу аткарууга тоскоолдук кылган адамдар Комиссиянын мүчѳсү боло албайт.
13.Комиссиянын иштеп жаткан курамынын ыйгарым укуктары жергиликтуу кенеш Комиссияны түзүү жѳнүндѳ чечим кабыл алган күндѳн тартып башталат жана Комиссиянын жаны курамы бекитилген учурдан тартып токтотулат.
14.Комиссиянын мүчѳлѳрүнүн ыйгарым укуктары ошондой эле:
-жарандык коомдун жана жергиликтүү жамааттын ѳкүлү болуп эсептелген Комиссиянын мүчѳсү ѳз ыйгарым укуктарын токтотуу тууралуу жазуу жүзүндү арыз берген учурда;
-Комиссиянын мүчѳсү муниципалдык кызматын токтоткондо;
-Комиссиянын мүчѳсүнѳ карата соттун айыптоочу ѳкүм күчүнѳ киргенде;
-кучунѳ кирген соттун чечими менен Комиссиянын мүчѳсү болуп эсептелген адам аркаетке жѳндѳмсүз же аракетке жѳндѳмдүүлүгуү чектелген,дайынсыз жок болгон же олгон деп табылганда;
-медициналык корутундуга ылайык Комиссиянын мучосунун ден соолугунун абалы ыйгарым укуктарын аткарууга тоскоолдук кылган учурда;
-Комиссиянын мүчѳсү болуп эсептелген адам Комиссинын мучѳсунүн намысын жана кадыр-баркын кетирүүчү жосун жасаган учурда;
-Комиссиянын мүчѳсү ѳлгѳндѳ;
-Комиссиянын мүчѳсү Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары жерге туруктуу жашоо учун чыгып кеткенде;
-Комиссиянын мучосу Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкканда,Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкондо же чет мамлекеттин жарандыгын алганда;
-жергиликтуу кенештин депутат катары ыйгарым укуктарынын мооноту аяктаганда;
-жарандык коом жана жергиликтүү жамаат тарабынан оз окүлүн кайра чакырып алганда токтотулат;
15.Комиссиянын жаны мучосу Комиссиянын мурдагы мучосунун ыйгарым укуктарын токтотуу жонунло чечим кабыл алынгандан 15 календарлык кундон кеч эмес бекитилет.
16.Комиссиянын ыйгарым укуктары Комиссия оз ыйгарым укуктарын аткарбаган же талаптагыдай эмес аткарганда жергиликтуу кенештин чечими менен токтотулушу мумкун.
17.Комиссиянын жаны курамы Комиссиянын мурдагы курамынын ыйгарым укутары токтотулгандан 5 календарлык кундон кеч эмес тузулот.
3.Комиссиянын ишинин тартиби
18.Комиссиянын ыйгарым укуктары Кодексте аныкталган.
19.Комиссия бузуулар жонундо иштерди отурумдарда карайт.Комиссиянын отурумдары зарылчылыгына жараша (материалдардын тушушуно карата)откорулот.Комиссиянын отурумдарынын мезгилдуулугу бузуулар жонундо иштерин кароонун мыйзам тарабынан аныкталган моонотторун сактоо камсыз кылынандай болууга тийиш.
20.Эгерде Комиссиянын жалпы мучолорунун учтон экиси катышса ,Комиссиянын отуруму укуктуу болот.
Эгерде Комиссиянын жалпы мучолорунун жарымынан кобу добуш берсе чечим кабыл алынды деп эсептелет.
21.Бузуулар жонундо ишти Комиссия иштин материалдары келип түшкѳндѳн баштап он кундук мѳѳнѳттѳ,Кодексте аныкталган тартипте карайт.
22.Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчылары ѳз чечимдери менен бузуулар жѳнундѳ протокол түзүү боюнча ыйгарым укук берилген кызмат адамдарынын тизмегин аныктайт.
23.Комиссия чечимди аныктама же токтом турундо чыгарат.
24.Комиссия,бузуу жонундо ишти карап чыгып:
А)томондогу токтомдордун бирин чыгарат:
1)жаза чарасын колдонуу жонундо;
2)туумду кошуп эсептоо жонундо(Кодекстин 29-беренеси);
3)иш боюнча ондурушту кыскартуу жонундо
Б)ишти кароо Комиссиянын компетенциясына кирбей тургандыгы ачыктаган кезде ,ишти ведомстволук караштуулугу боюнча откоруп беруу жонундо аныктама чыгарат.
25.Иш боюнча чыгарылган токтомго даттануу тартиби,жаза чаралары жана кошумча укуктуки кесепеттер жонундо токтомду аткаруунун тартиби Кодексте каралган тартипте жузого ашырылат.
4.Комиссиянын мучолорунун укуктары жана милдеттери
26.Комиссиянын ишмердуулугун Комиссиянын торагасы уюштурат.
27.Бузуу жонундо иштерди кароодо Комиссиянын мучолору бирдей укукка ээ.
28.Комиссиянын мүчѳлѳрү:
Тѳмѳндѳгүлѳргѳ милдеттуу:
Комиссия тарабынан каралып жаткан бузуу иштери жонундо иштердин материалдары менен таанышууга;
-бузуу жонундо иштер боюнча иликтоого жана далилдерге баа берууго катышууга ;
-Комиссиянын чечимдерин чыгарып жатканда талкуулоого жана добуш берууго катышууга ;
-журум-турумдун этикасынын эрежелерин сактоого;
-Комиссиянын отурумдарынын протоколуна кол коюуга
-Томондогулорго укуктуу;
-бузуу жонундо иштерге катышып жаткан адамдарга суроолорду берууго;
-бузуу жонундо иштер боюнча кабыл алынып жаткан чечимдер боюнча сунуштарды кийирууго;
-Кодексте каралган башка укуктарга,
29.Комиссиянын торагасы,Комиссиянын мучосунун милдеттеринен сырткары,томондогулорго милдеттуу:
-Комиссиянын ишмердуулугун пландаштыруу,уюштуруу жана жетектѳѳ;
-Комиссиянын отурумдарында тѳрагалык кулуу;
-Комиссиянынотурумун кун тартибин бекитүү ;
-Комиссия тарабынан чыгарылган чечимдерге (аныктамалрга жана топтомдорго), ошондой эле Комиссиянын башка документтерине кол коюу;
-Комиссиянын ишмердүүлүгүнѳ кѳзѳмѳл жүргүзүү.
Комиссиянын тѳрагасы ,Комиссиянын мучосүнүн укуктарынан сырткары ,томонкудой укуктарга ээ:
-оз компетенциясынынчегиндеКомиссиянын атынанишеним катсыз аракеттерди жасоого жана мамлекеттик бийликтин органдары , жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары жана жараандар менен болгон мамиледе Комиссиянын кызыкчылыктарын билдирүүгѳ;
-Комисиянын ыйгарым укуктарына кирген маселелер боюнча тапшырмаларды берүүгѳ;
- ушул Жобого жана Кодексге ылайык башка укуктарга .
30. Комиссиянын тѳрагасынын орун басары Комиссиянын отурумунда кароого алдын-ала даярдоону уюштурат ;
-Комиссиянын тѳрагасынын тапшырмаларын аткарат ;
-Комиссиянын тѳрагасы жок болгон учурда анын ыйгарым укуктарын ишке ашырат ;
-ушул ЖОБОГО жана Кодекске ылайык башка функцияларды аткарат .
31. Комиссиянын катчысы , Комиссиянын мүчѳсүн милдеттерин аткаруудан сырткары :
-бузуулар жонундо иштерди Комиссиянын кароосунда даярдоону уюштурат ;
-ѳз ишмердүүлугүн Комиссиянын тѳрагасынын жетекчилигин астында ишке ашырат ;
-Комиссиянын тѳрагасынын тапшытмаларын аткарат ;
-келип тушкон материалдарды , билдирүүлѳрдү жана арыздарды , ошондой эле бузуу жагдайы бар экендигин корсоткон , массалык маалымат каражаттарында ( анын ичинде Интернетте ) жарыяланган кабарларда кабал алат жана каттайт ;
- бузуулар жонундо протоеолдорду , комиссия тарабынан чынарылган токтомдорду жана аныктамаларды Кодекстин жана ушул Жобоонун талаптарына ылайык даярдоону жана тариздоону камсыз кылат ;
Комиссиянын мучолорун ,бузуулар жонундо ондурушко катышып жатышкан адамдарды талаптагыдай ишти кароону убактысы жана орду тууралуу кабарландырат , аларды комиссиянын кароосунда киргизилген иштердин материалдары менен тааныштырат ;
-Комиссиянын отурумдарынын протоколдорун жургузот жана тариздейт , аларга кол коет ;
- Комиссия тарабынан чыгарылган чечимдерге (аныктамаларга жана токтомдорго )кол коет ;
-аныктамалардын жана токтомдордун кочурмолорун тиешелуу адамдарга белгиленген мооноттордо тпшырууну же жеткирууну камсыз кылат ;
- Комиссия тарабынан чыгарылган токтомдорго жана аныктамаларга даттанууларды кабыл алат , аларды кароону уюштурат ;
- Комиссия тарабынан чыгарылган аныктамалды жана токтомдордун аткарылышына козомол жургузот ;
-Комиссиянын иш кагаздарын жургузулушун жана сакталышын камсыз кылат ;
-бузуулар жонундо иштерди кароонун тажрыйбасын иликтейт жана жалпылайт ,
Комиссиянын ишмердуулугун жонго салуучу ченемдик укуктун актыларды оркундотуу боюнча сунуштарды даярдайт ;
-отчетуулукту жана статистикалык отчеттуулукту жургузот ;
-Кодекске жана ушул Жобоого ылайык башка милдеттерди аткарат .
Комиссиянын катчысы убактылуу жок болгон учурда анын сидеттерин комиссиянын торагасынын тапшыруучусу боюнча комиссиянын мучолорун бири аткарып турат .
32.Эгерде Комиссиянын мучолору :
-бузуу учуп жоопкерчиликке тартылып жаткан адамдын жабырлануучунун анан мыйзамдуу окулдорунун коргоочусунун окулун адвокатынын ошондой эл кубоосунун эксперттин адистин котормочнун туугандары болушса ;
-иштин чечилишине тике же кыйыр турдо кызыктар болушса ,
Алардын бузуулар жонундо иштерди кароого катышууга акысы жок .
5. Комиссиянын иш кагаздарын жургузуу
33. Иш кагаздарын жургузууго жалпы жетекчилик Комиссиянын торагасы тарабынан ишке ашырылат , ал бул иштин абалы учун жоопкерчилике тартат .
34. эсеп жургалдарынын сакталышы , аларга маалыматтардын оз убагында жана анык , так киргизилиши учун жоопкерчиликти Комиссиянын катчысы таратат.
35. Бузуулар жонундо иш ондурушуунун катышуучуларына бардык зарыл докуменнтерди жонотуу Комиссиянын катчысы тарабынан жургузулот.
36. Бузуулар жонундо иштер боюнча кабарламент ишти кароонун датасы дайындалгандан кийинки кундон кеч эмес жиберилиши керек (№3-тиркеме ) .
Жиберилген кабарлама адресатка тапшырылбай калганы билинген учурда,коммисиянын жоопту катчысы ошол замат тапшырылбай калганы бтлтнген учурда , Комиссия жоопту катчы сы ошол замат тапшырылбай калуунун себтптерин аныктоого бул тууралуу комиссиянын торагасына билдирууго анын корсотмосу боюнча кабарламанын оз убагында тапшырылышын камсыз кылуучу чараларды корууго милдеттуу .
Комиссиянын отурумуна келбеген адамдардын кабарламаларын айырма болууго ишке тигилет .,
37.Бузуу жасалган жерде айып пул ондургон учурда айып пулду толоо банк картасын пайдалануу менен терминал аркылуу жургузулот ал эми толоонун мындай формасы мумкун болбогондо , комиссиянын катчысы бузуу учун жоопкерчиликке тартылып жаткан адамга кабыл алынган улгудогу атайын финансылык отчеттулуктун документи болкп эсептелуучу жана эки нускада тузулуучу айып пул думурчугун (квитанциясын ) берет. Жоопкерчиликке тартылып жаткан адам салынган айып пулду ыктыярдуу толоого макулдугун билдирип айып пул думурчогунун биринчи нускасына кол коет экинчи нускасы жаза чарасы колдонулуп адамга берилет.
38. Комиссиянын катчысы бузуулар жонундо иштерди тузууну аларды тѳмѳндѳгүдѳй хроногиялык тартипте топтоштуруп тигүүнү камсыздайт ;
-бузуулар жонундо протокол жана ишке байланыштуу башка материалдар ;
-отурумдун процессинде ишке кошулган . келип тушкон иретинде жайгаштырылган баардык документтер .
-беелгиленген тартипте кол коюлган комиссиянын отурумунун протоколу ;
- игти кароонун жыйынтыгында отурумда чыгарылган аныктамалар , токтомдор .
Баардык документтер коктомого алардын тексти корунуп тургандай болуп коктолот .
39. Комиссия тарабынан каралган баардык иштер эсепке алынууга жатат .Иштин номуру каттоо журналындагы катар номурун жана келип тушкон жылды кымтыйт .
40. Бузуулар жонундо протокол тузуучу кызмат адамдары бузуулар жонундо каралган иштер тууралуу маалыматтарды Комиссия менен ай сайын салыштырып турушат .
41. Комиссия ай сайын Комиссия тарабынан салынган айып пулдардын келип тушушуно канчалык райондук (шаардык) болуму менен салыштырып текшерип турат .
42.Комиссия томонкудой эсеп журналдарды жургузо алат :
-бузуулар боюнча иштерди эсепке алуу
- айып пул салынган адамдарды эсепке алуу журналы;
-бузууну жасоо учун жоопкечиликке тартып жаткан адамдарга жиберилген кабарламаларды эсепке алуу журналы (№4-тиркеме).
43. Журналдардын барактары номурланган коктолгон. Моор менен бекитилген болууга тийиш , эсеп журналын дагы баардык жазуулар окуй алгыдай даана , кок же сыя кок тустогу сыя менен жазылат .
44. Журналдарды сактоо мооноту 3 жыл .Бузуулар жонундо иштерди сактоо мооноту 5 жыл . Корсотулгон моонот аяктаганда алар тизим боюнча архивге тапшырылат .
45. Эсепке алуу журналдарды ички колдонуунун документтери болуп эсептелет жана мекеме-уюмдарга, жеке жарандарга же кызмат адамдарына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурлардан сырткары, комиссиянын төрөгасынын уруксатсыз берилбейт.
Төрага Б.З.Умралиев