Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезектеги XXIII cессиясы
2019-жылдын 12-январы № 2
Түзүлгөн келишимди бекитүү жөнүндө
Кашка-Суу айыл аймагында статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук статистика комитетинин Аксы районунун мамлекеттик статистика бөлүмү менен Кашка-Суу айыл өкмөтү түзгөн келишими менен таанышып чыгып айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Аксы райондук Мамлекеттик статистика бөлүмү менен Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн айыл аймагында статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды беруу жөнүндөгү түзүлгөн келишими бекитилсин.
2. Бул токтом айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыялансын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдүккө алуу жагы айылдык кеңештин бюджет жана каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Ө.Мамадалиев |