Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезектеги XXV cессиясы
2019-жылдын 12-февралы № 2
Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын киреше бөлүгүнөн 2019-жылга калган калдык акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө
Кун тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, Кашка-Суу айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын киреше бөлүгүнөн 2019-жылга калган 1908,6 (Бир миллион тогуз жуз сегиз мин алты жуз) сом калдык акча каражаты төмөндөгүдөй бөлүштүрүлсүн :
Айыл өкмөтүнүн жүгүртүүлүчү кассалык накталай акчасына-200,0 миң сом
2. Кашка-Суу техсервисин оңдоо үчүн өздүк салымына-258,8 мин сом
3. Орбита лагеринин ремонтуна-220,0 миң сом
4. Айыл өкмөтүнүн административдик имаратына жылуулук системасы үчүн эки бөлмөлүү имарат курууга-150,0миң сом
5. Жайык участкасындагы айыл өкмөтүнүн эс алуу жайына конок күтүүчү имарат курууга-120,0 миң сом
6. Айыл аймагынын көчө белгилерин,үй номурларын орнотуу үчүн жана ар бир айылдын турак үйлөрүнүн карталарын жасатуу үчүн -100,0 миң сом
7. Тракторго телешка сатып алууга-55,0 миң сом
8. 2019-жыл ичинде даярдалуучу ар кандай долбоорлорду түзүүгө-24,8 миң сом
9. Өзгөчө кырдаалдар үчүн-200,0 миң сом
10. Айыл аймагынын борборуна тратуар курууга-100,0 миң сом
11. Ү.Турдубаев мектебине мөмө-жемиш кургатуучу чакан цех курууга- 100,0 миң сом
12. К.Абдрахманов мектебине жаны спорт аянтчасын куруу үчүн
Токтоматов Торобектин жер участкасын сатып алууга-300,0 миң сом
13. М.Шатманов мектебине проектор экраны менен алууга-30,0 миң сом
14. Кара-Тобо мектебине Мерсико долбоору аркылуу ыссык тамак берүүгө шарт түзүү үчүн-50,0 миң сом
Жалпысы 1908,6(Бир миллион тогуз жүз сегиз миң алты жүз )сом жумшалсын.
2.Жогорудагы акча каражаттарын мыйзамдаштыруу жана максаттуу
пайдалануу жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Токтом айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүккө алуу жагы айылдык кеңештин «Бюджет жана каржы» маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жуктолсун.
Төрага | Ө.Мамадалиев |