Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезектеги XXV cессиясы
2019-жылдын 12-февралы № 2
«Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн 2019-жылга бюджетин жана 2020-2021-жылдардын болжолдуу долбоорун бекитуу жөнүндө»
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, Кашка-Суу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын жергиликтүү бюджетинин көлөмү, өздүк киреше бекитилген киреше 3415,6 (үч миллион төрт жүз он беш миң алты жүз ),тендөөчу трансферт 6982,7(Алты миллион тогуз жүз сексен эки миң жети жүз), жайыт жерлеринин ижарасынын түшүүчү 200,3(Эки жүз мин үч жүз) сом сумма менен бюджеттин жалпысы суммасы 10598,6 (Он миллион беш жүз токсон сегиз мин алты жүз) сом, атайын каражаттан ата энелер көлөмү 1080(бир миллион сексен миң )сом, сумма кошулуп 11678,6 (Он бир миллион алты жуз жетимиш сегиз мин алты жүз )суммасында бекитилсин.
2. Жайыт жерлеринин ижарасынан түшүүчү 200,3(Эки жүз мин үч жүз) сом сумма Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Жайыттар жөнүндө» мыйзамынын 11-беренесинин 3-пунктуна негиз үчтөн бир бөлүгү 66,8 миң сом айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгаша бөлүгүнө, ал эми калган бөлүгү 133,5 миң сом «Кашка-Суу жайыт пайдалануучулар бирикмесине» которуп берүү үчүн 704-бөлүмүнүн 2215-статьясына чегерилсин.
3. Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2020-2021жылдардын болжолдуу долбоорунун бюджети өздүк бекитилген киреше жана трансферттеринин көлөмү бекитилсин.
4. Кашка-Суу айыл Өкмөтүнүн 2019-жылдын жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгү, атайын каражаттагы бала бакчалардын тамак-аш статьясы кошулуп 11678,6(он бир миллион алты жуз жетимиш сегиз миң алты жүз)сом менен бекитилсин.
5. Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке берилүүчү теңдөөчү грант «Кыргыз Республикасынын жана 2020-2021-жылдардын долбоорунун Республикалык бюджет жөнүндөгү» мыйзамына негиз биринчи кезекте коргоого алынган статьяларга, коммуналдык чыгымдарга, калган сумма башка керектелүүчү статьяларга жумшалаары белгиленсин.
6. Айыл өкмөтүнүн бюджетин үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында өздук кирешелердин салык жана салык эмес төлөмдөрдүн белгиленген пландарынын ар бир түрлөрү боюнча аткарууну айыл өкмөтүнүн кирешелер боюнча адиситерине милдеттендирилсин.
7. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 24-беренесине негиз жалпы жылдык бюджеттин чыгымдарынын көлөмдөрүнүн 1 пайызга чейинки же болбосо 106,0( Бир жуз алты миң) сом өлчөмүндө айыл өкмөтүнүн резервдик фондусу болуп түзүлсүн.
8. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 110- беренесине негиз калдык акча каражатынын эсебинен жүгүртүүдөгү кассалык накталай акчанын көлөмү бир айлык эмгек акы төлөө фондунун чектеринде 200,0( эки жуз миң) сом өлчөмүндө бекитилсин.
9. Жогорудагы аныкталган жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча айылдык кеңештин бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясына билдирүү берип туруу жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБине жүктөлсүн.
10. Токтом айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыялансын.
11. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлккө алуу жагы айылдык кеңештин бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Ө.Мамадалиев |