Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезектеги XXV cессиясы
2019-жылдын 12-февралы № 3
Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын атайын каражатын бекитүү жөнүндө
Күн тартибиндеги каралган маселе боюнча Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кашка-Суу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн 2019-жыл үчүн атайын каражатынын киреше бөлүгү 1,080 (бир миллион сексен миң) сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн 2019-жыл үчүн атайын каражаттын чыгаша бөлүгү түзүлгөн сметанын негизинде жумшалсын.
3. Токтом айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүккө алуу жагы айылдык кеңештин «Бюджет жана каржы» маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жуктолсун.
Төрага | Ө.Мамадалиев |